Apx 1-23 (9)6 жана ДАС 1-24 (9)б тайпаларынын куратору Болотбек кызы Шекер эжеке тарабынан ата-энелер жыйыны уюштурулду.

2026-04-09 10:34:37 197

Apx 1-23 (9)6 жана ДАС 1-24 (9)б тайпаларынын куратору Болотбек кызы Шекер эжеке тарабынан ата-энелер жыйыны уюштурулду. Жыйындын негизги максаты — ата- эне менен окуу жайдын ортосундагы байланыштын натыйжалуулугун арттыруу, студенттердин билим алууга болгон жоопкерчилигин күчөтүү жана тарбиялык багыттагы иштерди биргелешип, системалуу жүргүзүү болду. Жолугушуунун жүрүшүндүө студенттердин окуудагы жетишкендиктери, сабакка катышуусу жана тартиби боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуу иштери боюнча директордун орун басары ата-энелерге MyEdu системасынын мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүп, анын жардамы менен студенттердин күнүмдүк катышуусун, академиялык көрсөткүчтөрүн жана жалпы рейтингин көзөмөлдөө жолдору тууралуу айтып өттү. Иш-чаранын алкагында Курулуш колледжинин студенттеринин жалпы рейтингинде алдыңкы 100 дүктүн ичинен 1-3-орундарды ээлеген студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Жыйынга ата-энелер активдүү катышып, соңунда окуу жайдын жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.