2026-04-09 11:03:48 217
Нооруз майрамына карата Курулуш колледжинде салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ш. Болотбек кызы тарабынан уюштурулуп, тайпалардын активдүү катышуусу менен ийгиликтуу ишке ашты. Кыз-жигит сармерденде окутуучу А. Шаджанов эрке баланын, ал эми А. Абдрахман кызы шайыр жеңенин ролун ийнине жеткире аткарышып, студенттер жандуу обондорду созуп, көрүүчүлөргө жогорку денгээлде майрамдык маанай тартуулашты. Майрамдын алкагында улуттук тамак-аш көргөзмөсү жана улуттук оюндар уюштурулуп, кыргыз элинин салттары кеңири чагылдырылды. Ошондой эле салттуу тушоо кесуу жөрөлгөсү өткөрүлүп, белектер берилди. Мыкты дасторкон боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар ыйгарылып, бардык катышкан тайпалар ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөр: 1-орун - СЭЗиС 1-23(9-11) бк тайпасы; 2-орун - Арх 1-25(9)б жана ДАС 1-25(9)бк тайпалары; 3-орун — Арх 1-23(9)б жана СЭЗИС 1-25 (9)бк тайпалары; 4-орун — Арх 1-25(11)к тайпасы. Жеңүүчүлөр жогорку деңгээлдеги даярдыгы, уюшкандыгы жана улуттук баалуулуктарды мыкты чагылдыргандыгы менен өзгөчөлөнүштү.