2026-05-29 20:33:30 156
Ош Аймактык Медициналык Колледжинде студенттер үчүн Болотбек кызы Шекер өзгөчө мазмундуу конок лекция өтүп, кыргыз адабияты сабагынын алкагында Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы боюнча терең талкуу жүргүзүлдү. Сабак учурунда студенттер чыгарманын тарыхый мааниси, каармандардын образдары жана чыгарманын тарбиялык баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле интерактивдүү суроо-жооптор уюштурулуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусу артты. Конок сабак жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана таасирдүү болду.