2026-11-10 12:40:05 207
ОшМУнун Курулуш колледжинде директор М.Т. Тентимишовдун катышуусунда жалпы окутуучулардын жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө колледждеги окуу-тарбия иштеринин учурдагы абалы, окуу процессин уюштуруу, студенттердин сабакка катышуусу, билим сапатын жогорулатуу, тартип жана ички эмгек тартибин сактоо маселелери каралды. Ошондой эле окутуучулардын алдыдагы иш-пландары, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Жыйындын соңунда тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы боюнча милдеттер белгиленди. Максат — сапаттуу билим, жоопкерчиликтүү мамиле жана бирдиктүү жамааттык иш!