2026-11-18 06:50:04 110
СЕЗиС 1-25(9)бк тайпасынын студенттерине окутуучу Адрахман кызы Айтбү тарабынан адистик боюнча «Составление деловых документов» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер келечектеги кесибине байланыштуу иш кагаздарын түзүүнүн жолдору, расмий документтерди даярдоо, толтуруу жана туура жол-жоболоштуруу эрежелери менен таанышышты. Практикалык тапшырмалар аркылуу студенттер кесиптик билимдерин бекемдеп, иш кагаздарын сабаттуу түзүү көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Ачык сабак кесиптик багытта уюштурулуп, теориялык билимди практика менен айкалыштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Сабак мазмундуу жана жогорку деңгээлде өттү.