2026-11-18 07:05:09 120
Окуу жайыбызда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттердин математикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу максатында СЭЗиС 2-26(9) К тайпасында алгебра сабагынан «Даражанын туундусу» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты окутуучу Дүйшөбаева Шайыргүл өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер даражалуу функциялардын туундусун табуунун эрежелери, негизги формулалары жана аларды эсеп чыгарууда колдонуу жолдору менен таанышышты. Теориялык билимдер практикалык тапшырмалар менен айкалыштырылып, студенттердин өз алдынча иштөөсүнө, логикалык ой жүгүртүүсүнө жана математикалык маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Сабак интерактивдүү ыкмалар жана кызыктуу тапшырмалар менен коштолуп, студенттердин активдүүлүгүн арттырууга багытталды. Ачык сабак мазмундуу жана жогорку деңгээлде уюштурулуп, өз максатына жетти.