ОшМУнун Курулуш колледжинде улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабадан калган каада-салттарды жана үрп-адаттарды жаш муундардын аң-сезимине сиңирүү максатында мазмундуу иш-чара өткөрүлдү.

2026-11-20 03:13:02 112

«УЛУТТУК НАРК — УЛУТТУН АСЫЛ БАЙЛЫГЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ! ОшМУнун Курулуш колледжинде улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабадан калган каада-салттарды, үрп-адаттарды жана маданий мурастарды жаш муундардын аң-сезимине сиңирүү максатында «Улуттук нарк — улуттун асыл байлыгы» аттуу мазмундуу иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Ош мамлекеттик университетинен өкүлдөр келип, улуттук нарктын коомдогу орду, элибиздин руханий мурастары жана улуттук баалуулуктарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүнүн мааниси тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш колледжинин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович жана ОшМУдан келген коноктор сөз сүйлөп, улуттук наркты урматтоо, каада-салтты сактоо жана жаштарды мекенчилдикке, ыймандуулукка, улууларды сыйлоого тарбиялоо ар бирибиздин милдетибиз экенин белгилешти. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз элинин меймандостугун, дасторкон маданиятын жана улуттук салт-санаасын чагылдырган сый дасторкон жайылып, ардактуу коноктор кыргыздын улуттук даамдарынан ооз тийишти. Бул өз кезегинде элибиздин меймандостук салтын даңазалаган жагымдуу маанай тартуулады. Иш-чара жогорку деңгээлде, жылуу маанайда өтүп, катышуучуларга терең таасир калтырды. Улуттук наркты сактоо — өткөндү урматтоо, бүгүнкүнү баалоо жана келечек муунга руханий байлык калтыруу! Улуттук наркыбыз — улутубуздун жүзү, руханий байлыгыбыз — келечегибиздин негизи!